Виртуалдуу эс

Википедия дан

Виртуалдуу эс (Virtual memory) – компьютерде эске тутуучу жана эсти бөлүшгүрүүчү түзүлмө. Ал тез эстин көлөмүн чоңойтот, себеби иштетүү системасы дисктин белгилүү гана өлчөмдөгү бөлүгүн колдоно алат жана көп маселелүү иштетүү системаларында бир учурда тез эсти колдонуучу программалар санын көбөйтүүдө пайдаланылат. Иштетүү системасы Виртуалдык эс жок учурда аткарылып жаткан программаны толугу менен тез эске, ал эми Виртуалдык эске учурда аткарылып жаткан программанын үлүшүн гана жүктөйт. Иштетүү системаларынын Виртуалдык эсти башкаруу жолу барактоо деп аталат. Белгилүү сандагы байт барак деп аталат жана барактоо учурунда дискеттен эске зарыл учурда берилиштер же программанын көрсөтмөлөрү барактарга бириктирилип, жиберилип турат. Барак өлчөмү 512ден 4000 байтка чейин болуп, барактын так өлчөмүн иштетүү системасы аныктайт. Эгер кошумча барак талап кылынса, анда иштетүү системасы кошумча орун даярдайт; ал үчүн бир же бир нече баракты эстен дискке кайтарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]