Вируска каршы дарылар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Вируска каршы дарылар - вирустар пайда кылган оорулардын алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонулган табигый жана синтетикалык кошулмалар[1]. Алар микробго каршы дары-дармектердин бир классы, ал антибиотиктерди (антибактериалдык дарыларды), грибокко жана паразитке каршы дарыларды же моноклоналдык антителонун негизинде вируска каршы дарыларды камтыган чоң топ[2].

Анын тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Биринчи вируска каршы дары 1950-жылдардын ортосунда ракка каршы кошундуларды скринингдегенде кокустан жаралган, алардын айрымдары вирустук ДНКнын синтезин басууга жөндөмдүү болгон. Клиникалык практикага биринчи кирген вируска каршы каражаттар 5-йодоэксюридин жана трифлуоротимидин болгон, бирок алардын спецификасынын төмөндүгү системалуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган. Ошондон бери изилдөөлөр кыйла тандалма жана уулуулугу азыраак каражаттарды табууга багытталган. Вируска каршы каражаттардын саны 1970-ж.ж ортосунан тартып көбөйө баштады, бирок вируска каршы химиотерапияны интенсивдүү өнүктүрүүгө КИВ инфекциясынын пайда болушуна байланыштуу, антиретровирустук дары-дармектерге болгон муктаждык эң күчтүү түрткү берген. Заманбап вируска каршы каражаттар элүүдөн ашуун кошулмаларды камтыйт жана тынымсыз кеңейип турат[3].

Вирустун жашоо түрмөгүнүн этаптары[оңдоо | булагын оңдоо]

Вирустар геномдон жана белоктон турган капсулада (капсид деп аталат) сакталган же кээде липиддик катмар менен капталган (кээде "кабыкча" деп аталат) бир нече ферменттерден турат. Вирион (вирустук бөлүкчө) белоктун кабыгына (капсидге) камтылган нукленин кислотасынын молекуласынан турат[4]. Вирустар өз алдынча көбөйө алышпайт, анын ордуна кожоюндун клеткасын багындырып, өздөрүнүн көчүрмөсүн алып, кийинки муундарды жаратышат.

Вирустардын жашоо түрмөгү вирустун түрүнө жараша кылдат айырмаланат, бирок алардын жалпы мыйзамченемдүүлүгү бар:

  1. Кожоюндун клеткасына кошулушу;
  2. Ферменттерди жана вирустук гендерди ээсинин клеткасына бошотушу;
  3. Кожоюндун клеткасынын аппаратын колдонуп, вирустук компоненттердин репликациясын жүргүзүшү;
  4. Вирустук компоненттерди толук вирустук бөлүкчөлөргө топтошу;
  5. Жаны кожоюн-клеткаларга жуктуруу үчүн вирустук бөлүкчөлөрдү чыгаруусу.

Классификациясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Антибиотиктерге салыштырмалуу клиникалык жактан далилденген эффективдүү вируска каршы каражаттар аз[5]. Алар төмөндөгүдөй бөлүнөт:

Гриппке каршы каражаттар:

  • аминоадамантандар: амантадин, римантадин (ремантадин);
  • ингибитор нейраминидазда: осельтамивир, занамивир.

Респиратордук синцитиалдык инфекцияга каршы колдонулуучу каражаттар: рибавирин; паливизумаб.

Антигерпетикалык жана антицитомегаловирустук каражаттар:

  • Нуклеозиддордун анологу: ацикловир, валацикловир, ганцикловир, валганцикловир, пенцикловир, фамцикловир, идоксуридин, фомивирсен;
  • Фосфоно-кумурска кислотасынын туундулары: фоскарнет.

КИВ-инфекциясын дарылоочу дары-дармектер (антиретровирустук каражаттар):

  • тескери транскриптаза ингибиторлору (нуклеозиддердин аналогу): зидовудин, ставудин; ламивудин, зальцитабин; диданозин; абакавир ж.б;
  • ненуклеозид структураларынын тескери транскриптаза ингибиторлору: невирапин, эфавиренз ж.б;
  • интегразанын ингибитору: ралтегравир, долутегравир, элвитегравир;
  • протеаздын ингибиторлору: саквинавир, индинавир, ритонавир;
  • тиркеме жана бириктирүүнүн ингибиторлору: маравирок, энфувиртид;
  • фармакокинетикалык күчөткүчтөр: кобицистат, ритонавир.

Ар кандай максаттарга багытталган вируска каршы каражаттар:

  • вирустардын адсорбции жана пенетрации ингибиторлору: кызамык, гепатит В, кутурма, цитомегаловирус инфекциясына каршы гамма-глобулиндер;
  • кечиккен вирустук белоктордун синтезинин ингибиторлору - тиосемикарбазондун туундулары: метизазон;
  • вирустун өзүн-өзү чогултуу ингибиторлору: рифампицин;
  • жергиликтүү вируцид каражаттар: тетраоксотетрагидронафталин, теброфен, бромнафтохинон, бутаминофен;
  • интерферонжор: интерферон альфа, интерферон альфа-2а, интерферон
  • альфа-2b (моноцитардык), интерферон бета (фибробластдык), интерферон гамма-1b (Т-лимфоцитардык);
  • интерфероногендер: умифеновир, тилорон[6].

Таасир этүү принциби[оңдоо | булагын оңдоо]

Вируска каршы дарылар ушул циклдин ар кандай стадияларына таасир этиши мүмкүн. Кээ бирлери вирустун соо клеткаларга өтүшүнө жол бербейт, башкалары вирустун бөлүкчөлөрүн өздөрү жок кылышат же алардын иштешине бөгөт коёт.

Мындан тышкары, биздин организмде өзүнүн вируска каршы коргонуу системасы бар, анын "согушкерлери" белок молекулалары - интерферондор. Бул коргоону күчөтүү үчүн интерферондун препараттары же интерферондун индуктору деп аталат. Кийинкиси адамдын иммунитетин көтөрүп, интерферондордун өндүрүлүшүн жогорулатат, ошону менен вирус менен күрөшүүгө жардам берет.

Гамма-глобулин — кан сары суусундагы белок фракцияларынын бири: гамма-глобулин препараттарында микроорганизмдерди — оору козгогучтарды жок кылуучу антитело болот. Гамма-глобулин препараттары грипп, Боткин оорусу, кызылча, энцефалит, кутурма жана башка вирустук ооруларды, ошондой эле бактериялар козгогон стафилококк инфекциясы, көк жөтөл жана башка ооруларды дарылоодо жана алдын алууда колдонулат[7]. Лейкоциттик интерферон — организмге кирген вируска жооп иретинде организм клеткалары иштеп чыгарган коргогуч белок. Ал айрым вирус ооруларын дарылоо жана алдын алуу үчүн колдонулат.

Вакцинация[оңдоо | булагын оңдоо]

Вируска каршы дарылардын көпчүлүгү вирустук инфекцияларды дарыласа, вакциналар оору козгогучтарынан (патогендерден) коргонуунун биринчи сабында турат. Вакцинация адамдын иммундук системасын стимулдаштыруу үчүн аз өлчөмдө, адатта инактивацияланган же басаңдатылган антигендик материалды колдонууну (б.а. ийне сайып дарылоону) камтыйт. Буга жооп кылып иммундук система адаптацияланган иммунитеттин пайда болушу үчүн киргизилген патогенге каршы күрөшүүгө керектүү лейкоциттерди иштеп чыгат. Популяциядагы эмдөө жамааттык иммунитетинин калыптанышына жана вирустук инфекциялардын жана оорулардын кыйла төмөндөшү менен калктын ден-соолугунун кыйла жакшырышына алып келет.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. [1] Противовирусные средства. Медицинская энциклопедия. https://gufo.me/dict/medical_encyclopedia/%D0%9F%D1%80%D0%BE%D1%82%D0%B8%D0%B2%D0%BE%D0%B2%D0%B8%D1%80%D1%83%D1%81%D0%BD%D1%8B%D0%B5_%D1%81%D1%80%D0%B5%D0%B4%D1%81%D1%82%D0%B2%D0%B0
  2. Rick Daniels; Leslie H. Nicoll. "Pharmacology – Nursing Management". Contemporary Medical-Surgical Nursing. Cengage Learning, 2011. p. 397.
  3. Б59 Противовирусные средства: учеб.-метод. пособие / Н. А. Бизунок, А. В. Гайдук. – Минск : БГМУ, 2016. – с. 12. ISBN 978-985-567-556-4
  4. Гены и геномы: В 2-х т. 2. Пер. С англ.-М.:, 1998. – с. 38. - 391 с., ил. ISBN 5-03-002850-1 ст.344
  5. Л.С. Страчунский, С.Н. Козлов “Современная антимикробная химиотерапия”. Руководство для врачей. – М.: Боргес, 2002. – 432 с. ISBN 5-94630-002-4 глава V
  6. Б59 Противовирусные средства : учеб.-метод. пособие / Н. А. Бизунок, А. В. Гайдук. – Минск : БГМУ, 2016 ISBN 978-985-567-556-4 ст.13,14
  7. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8