Вискозa буласы

Википедия дан

Вискозa буласы – табигый целлюлозаны химиялык жол менен иштетүүдөн алынган жасалма була. Аны даярдоо төмөнкү этаптардан турат: вискоза эритмесин даярдоо, формага келтирүү жана кургатуу. Ал колдонулушуна жараша текстиль жиби, корд, штапель булалары түрүндө чыгарылат. Көпчүлүк органикалык эриткичтердин таасирине туруктуу. Аны алуу арзан жана андан даярдалган кездемелер түрдүү түскө жакшы боёлот, жакшы гигиеналык сапатка ээ. Бирок суу кезинде тез бырышат, сүрүлүүгө чыдамсыз келет. Ошондуктан, аны модификациялоо менен бышыктыгы жогорулатылат. Жибек, штапель жана кебез же жүн кездемелерге кошулат; тор жана абдан бышык техникалык буюмдарды жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]