Витраж

Википедия дан

Витраж (французча  vitrage, vitre – терезе айнеги) – кандайдыр бир архитектуралык курулуштун айнектелген терезе-кашегин толтуруп жана айнектин сыртынан көрүнүп туруучу ар түрдөгү чиймеленип кооз­долгон айнектен жасалган көркөм жана орнаменттик мүнөздөгү декоративдик (жасалгалык) көркөм искусство чыгармасы. В. XIV–XV к-дардагы готикалык стилдеги чоң чиркөөлөрдө кеңири тараган жана чекеси коргошун менен кармалган салыштырмалуу түрдө майда жана ар түркүн формадагы айнектерден турган. Сүрөттөр биринчи тунук, күңүрт жана тунук эмес күрөң боёктор менен түшүрүлүп, контурлары жана түз сызык (линиялык) элементтери үчүн арналган. XIV к-дан баштап ар түрдүү боёктор менен атайын боёлгон айнекти кыруу техникасы кошумча колдонула баштайт. XX кылымда түссүз айнектерден жасалган жана кум куюлтуучу аппарат менен иштетилген, чегилген жана ойдурулган В. өндүрүшү таркап кеткен. СССРде В. өнөрү жаңы жана кеңири өнүгө баштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]