Вишневский Александр Александрович

Википедия дан

Вишневский Александр Александрович [11(24). 5. 1906, Россия империясы, Казан шаары – 19. 11. 1975, СССР, Москва шаары] – орус хирургу, СССР Медицина Илимдер Академиясынын академиги (1957), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Медициналык кызматтын генерал-полковниги. 1929-ж. Казан университетинин медициналык факультетин бүтүргөн. 1948-жылдан СССР Медицина Илимдер Академиясынын А. В. Вишневский атындагы Хирургия институтунун директору жана Советтик Армиянын башкы хирургу (1956). А. А. Вишневский жүрөктүн, өпкөнүн операциясында оорутпоо (анестезия), хирургияда полимерди колдонуу сыяктуу проблемаларды иштеп чыккан. Ал 1953-ж. жергиликтүү оорутпоо менен жүрөккө дүйнөдө 1-болуп операция жасаган. 1957-ж. жүрөккө операция жасоодо жасалма кан айландыруучу аппаратты СССРде 1-жолу колдонгон. 1955-ж. жергиликтүү оорутпоо жөнүндөгү иши үчүн Р. Лериш атындагы эл аралык сыйлык берилген. А. А. Вишневский Ленин сыйлыгынын (1960) жана СССР мамлекеттик сыйлыктын (1970) лауреаты. Эл аралык хирургдар ассоциациясынын жана бир нече чет өлкөлүк илимий медициналык коомдун мүчөсү. Үч Ленин, башка көптөгөн орден жана медалдар, ошондой эле чет өлкөлөрдүн ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]