Воейков огу

Википедия дан

Воейков огу – Азия антициклонунун бир тармагы. Ал антициклондун борбордук бөлүгүнөн (Монголиянын аймагы жана Чыгыш Сибирдин түштүгүнөн) батышты карай Урал, Төмөнкү Волга боюна чейин созулат. Батыш Сибирь менен Түндүк Казакстандын климатына зор таасир тийгизет; кышында ал аймактарда аяздуу суук аба ырайын пайда кылат. Воейков огунун чегинде циклондорго караганда антициклондор үстөмдүк кылары атм. басымдын карталарында катталат. Бул кубулуш алгач (19-кылымдын аягында) аны аныктаган орус климатологу А. И. Воейковдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]