Вознесенский Андрей Андреевич

Википедия дан

Вознесенский Андрей Андреевич (12. 5. 1933, Москва шаары – 1. 06. 2010, ошол эле жер) – советтик орус акыны. Москвадагы архитектура институтун бүтүргөн (1957). Ччыгармачылыгы 1958-жылдан башталган. «Чеберлер» поэмасында (1959) жаңы ыкманы жаңы стилди жогорку чеберчиликте колдонуу менен көркөм өнөргө кызыгуусу арткан. Акындын АКШга болгон иш сапарынан кийин жазылган «Үч бурчтуу алмурут» поэмасынан «40 лирикалык чегинүү» жыйнагында (1962) сүрөткердин гражд. позициясы «заманга ылайык» сынга туш болгон. «Лонжюмо» (1963), «Оза» (1964) поэмаларында адамдардын жеке жашоо-турмушу тууралуу ойжүгүртүүсү чагылдырылган. Ошондой эле «Каршы дүйнө» (1964), «Витраж жасоонун чебери» (1976), «Азгырык» (1978) аттуу поэмалардын жана ыр жыйнактардын автору. А. А. Вознесенский СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]