Воинов Александр Хусаинович

Википедия дан

Воинов Александр Хусаинович (20. 4. 1961-ж. т., Тажикстан, Ленинабад ш.) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыргычы (кикбоксинг), СССР спортунун чебери (Дзюдо 1989; ушу-саньда 1990), кикбоксинг (ушу-саньда) боюнча дүйнөнүн профессионалдар арасында чемпиону (1992). Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия институтун (1966) жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин (2003) аяктаган. Эмгек жолун Ысык-Ата районунун жаштар спорт мектебинин дзюдо боюнча машыктыргычы болуп баштаган. 1989-ж. Ысык-Ата районунун спорт комитетинин төрагасы, 1991-ж. Бишкек шаарынндагы чыгыш күрөш боюнча мектептин жетекчиси, 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук командасын жетектейт. Ушул эле жылы профессионалдык «Гермес-профи» спорт клубун ачып, Бүткүл Азия кикбоксинг ассоциациясынын президенти болуп дайындалган. Ал Кыргыз Республикасынын Олимпия комитетинин вице-президенти (2006), Кыргыз Республиканын президентинин дене тарбия жана спорт иштери боюнча кеңешчиси (2007). А. Х. Воинов бир нече спорт чеберлерин (Ш. Шабанов, Ж. Амантаев, А. Ибраев, Б. Борбашев, И. Мамбетов, Р. Абасов, К. Сыдыгалиев, А. Порсуков ж. б.) даярдаган. Даңк медалы (1999) жана Данакер ордени (2006) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]