Война-дега

Википедия дан

Война-дега (амхарча жүзүм зонасы, гр. oinos (война) — вино) — Эфио­пия тайпак тоосундагы 1700—1800 м ден 2400 м ге чейинки бийиктеги «мелүүн» алкак.

Жылдын эң жылуу мезгили — март (16—18°С), суук мезгили — июнь (13°С). Жылдык жаан-чачыны 1500—2000 мм. Война-дега алкагындагы кызыл топурактуу платолордо парк саванналары, күрөң топурактуу тоолордо (2100 м ге чейин) жазы жалбырактуу, андан жогору ийне жалбырактуу (тисс, подокарпус) токойлор осот. Война-дегада буудай, арпа, таруу, буурчак, жүгөрү, тэфф жанa дагусса, тамеки, чай, цитрус, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Бийиктиги 2000 лг ге чейинки жерлерде кофе плантациялары кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.