Вокализ
Көрүнүш
Вокализ (лат. vocalis үндүү тыбыш; үн чыгаруучу, ырдоочу) – сөзү жок, жалаң үндүү тыбыштар менен ырдоого арналган музыкалык чыгарма. Демейде ырчылар Вокализ аркылуу доошунун угумдуулугун арттырып, ырдоо техникасын өнүктүрөт. Вокализ түрүндө концертте аткарууга арналган пьесалар да жазылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4