Вокодер

Википедия дан

Вокодер (англ, vocoder, voice — үн жана code — шифр, код) — сөз сигналдары берилбей, сөздү кодго айландырып, атайын код түрүндө берүүчү тлефон байланыш системасы.

Бул системада берүүчү жакта сөз сигналын код түрүндөгү сигналга айландыруучу үн анализатору (талдагычы), кабыл алуучу таранта код түрүндөгү сигналды сөз сигналына айландыруучу синтезатор пайдаланы­лат. Вокодер аркылуу сигналды код түрүндө бергенде, телефон каналында жыштыкты өткөрүү тилкесин бир нече эсе (кадимки телефон байланышындагы 250—3500 гц тин ордуна 250—350 гц ке) кичирейтип. алыскы байланыш линиясына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 10—13 эсе жогорулатууга болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.