Волгоград облусу

Википедия дан
Волгоград областы‎»‎ барагынан багытталды)
Волгоград облусу.

Волгоград облусу (1961-жылга чейин Сталинград областы) Россия федерациясынын субьекти 1936-ж. 5-декабрда түзүлгөн. Аянты 114,1 миц км2. Калкы 2 545 937 (2016).

Волгоград областы Чыгыш Европа түздүгүнүн түш.-чыгышында. Батыш тарабы дөңсөөлүү, кокту-колоттуу; чыгышы түзөң. Климаты континенттик. Кар аз түшөт, кышы суук; жайы кургак, ысык. Январдын орт. температурасы түш,- батышында — 8° С, түн.-чыгышында— 12° С. Жайында 22° С, 24° С. Жылдык жаан-чачыны 450 мм. Область аркы­луу Волга жана Дон дарыялары агып өтөт.

Волгоградск, Цимлянск суу сактагычтары, Эльтон, Боткуль, Горько-Солёный туздуу көлдөрү бар. Территориясынын 83% талаа зонасында, түндүк- батыш бөлүгү кара, калган жеринин кыртышы кара күрөң жана күрөң топурактуу. Аянтынын 4% токой (эмен, клён ж. б.).

Айбанаттары: карышкыр, сэры чычкан, кош аяк, түлкү, бөкөн; канаттуулары: тоодак, торгой ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.