Волластонит

Википедия дан

Волластонит (англисче химик У. X. Волластондун ысымынан) – силикаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Са3(Si3O9). Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак, кээде кызгылт, айнек сымал жаркырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5-5,5. С. салмагы 2,9. Контакт-метаморфизмден пайда болот. Негизинен карапа өнөр-жайында фарфор даярдоодо, үн жана жылуулук өткөрбөөчү материал катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]