Волонтёрлук ишмердүүлүк

Википедия дан

Волонтёрлук ишмердүүлүк (лат. voluntarius - өз эрки менен) - өз ара жардамдашуунун жана өзүнө-өзү жардам берүүнүн салттык формаларын, расмий кызматтарды көрсөтүүнү жана жарандык катышуунун ар кандай формаларын камтыган ишмердүүлүктүн кеңири чөйрөсү.

Коомчулуктун байгерлиги учун кайтарымсыз өз эрки менен ишке ашырылат. Бул ишмердүүлүк биринчи кезекте калктын абдан мажбур болгон, өзүнө-өзү жардам бере албаган (карылык, багуусуздук, майыптык, жаратылыш кырсыктары, социалдык катаклизмдер) катмарына багытталган. Волонтёрлук ишмердүүлүк - айлана-чөйрөнү жашылдандыруу; - атуулдардын төмөндөгүдөй социалдык категорияларына жардам берүү: карылар, багуусуз калган балдар, жаштар жана студенттер, үйсүздөр, мүмкүнчүлүгү чектелгендер (майыптар), мигранттар, качкындар, мурдагы соттолгондор ж.б.; - короолорду, участокторду, шаар көчөлөрүн тазалоо, жакшыртуу жана куруу; - жаныбарларга жардам берүү, зоопарк жана коруктарга оз эрки менен жардам көрсөтүү; - наркомания, тамеки чегүү, алкоголизм, СПИД, өспүрүмдөрдөн кылмыштуулугун алдын-алуу максатында кеңештерди берүү; - кайрымдуулук концерттер жана театрдык көрсөтмөлөр; - экологиялык марштар, таштандыларды жана суулардын булганычтарын тазалоо; - сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөө;

  • - интернет-кайрымдуулук (мис., Википедия);
  • - техникалык колдоодогу иштер; - тартип сактоо органдарына, пенсионерлерге, медиктерге колдон келген жардамдарды берүү ж.б. Волонтёрлук ишмердүүлүк - кол акы төлөнбөйт. Волонтёрлор тажрыйба топтоо, атайын көндүмдөргө жана билимдерге ээ болуу, жеке байланыштарды түзүү үчүн иштешет. Эгемендиктин алгачкы жылдарында өлкөнүн райондорунда жашап келишкен орустар менен орус тилдүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү борбор шаарга, андан ары Орусияга жер которуп кетишкен. Айылдык мектептер чет тилдерден сабак берген мугалимдерсиз калышканда жүздөгөн англис тилдүү волонтёрлор Кыргызстандын мектептерине, өзгөчө айыл жергесине жардамга келишкен. Көпчүлүк учурда Волонтёрлук ишмердүүлүк - бул акы төлөнүүчү жумушка жол болуп саналат, бул жерде адам өзүн-өзү иш жүзүндө жакшы көрсөтүп алууга, ар кандай тармактарда иштеп көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8