Волынка

Википедия дан

Волынка – музыкалык үйлөмө аспап. Ал бир нече түтүкчөдөн турат. Жел толтурулган тери мүшөкчөгө боорлорунда көзөнөкчөлөрү бар эки же үч түтүкчө уланат. Волынка дүйнө элдерине ар кандай аталыштарда кеңири тараган: орустарда, украиндерде, беларустарда дуда, молдавандарда чимпой, армяндарда тик, грузиндерде гудаствири, азербайжандарда тулум, чуваштарда шапар же сарнай, болгарларда гайда, француздарда корнемюз ж. б. Шотландиялыктарда аскер оркестрлеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]