Вольт-ампер

Википедия дан

Вольт-ампер (В -А же V • A) – өзгөрмө токтун толук кубаттуулугунун бирдиги. Вольт-ампер электр тизмесиндеги ампер аркылуу туюнтулган ток күчүнүн анын кыпчыткычтарындагы чыңалууга болгон көбөйтүндүсү менен аныкталып, өзгөрмө ток үчүн арналган амперметр жана вольтметр менен ченелет. Толук кубаттуулук жөнүндөгү түшүнүк электр тизмегинин активдүү (U I cos φ) жана реактивдүү (U I sin φ) кубаттуулугун айырмалоо үчүн киргизилген. Мында φ – ток менен чыңалуунун ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Вольт-ампер менен туюнтулган толук кубаттуулук өзгөрмө ток машинасын жана трансформаторлорун мүнөздөөчү негизги чоңдуктардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]