Вольфраматтар

Википедия дан

Вольфраматтар – вольфрам к-таларынын туздары. Алар моно- жана поливольфраматтарга бөлүнөт. Моновольфраматтар - Н2WO4 туздары, негизгиси Na2WO4, кадимки шартта Na2WO4  2Н2О түрүндө кездешет, ак кристалл, суусуз тузунун балкып эрүү темп-расы = 6980С; тыгызд. 4,18 г/см3. Моновольфраматтар щелочтуу металлдар В. металл туздарын таасир этүүдө же металл оксидин WO3 менен 600-8000С ысытууда алынат. Поливольфраматтар - эркин түрүндө бөлүнүп алынбаган, жалпы формуласы хН2О уWO3 болгон полик-талардын туздары. Поливольфраматтар (мында x,y) жалпы формуласына жооп берет; алардын номенклатурасы татаал (метавольфраматтар, паравольфраматтар жана башкалар). Поливольфраматтар эркин абалында бөлүнүп алына элек. Алар моновольфраматтарды WO3 менен суусуз эриткенде пайда болот. Практикалык мааниге 5(NH4)212WO311H2O аммоний паравольфраматы ээ. В. сууга жана отко чыдамдуу кездемелер, жибек, булгаары жана пигменттерди даярдоодо, рентгенографияда жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]