Вопросы литературы

Википедия дан

Вопросы литературы - адабият таануу жанa сын маселелерине арналган ай сайын чыгуучу илимий журнал;

  • Советтик жазуучулар союзу менен СССР ИАнын М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун органы.
  • 1957-жылдан бери Москвада чыгат. Негизги бөлүмдөрү: «Азыркы күн темаларына», «Теория проблемалары», «Адабият тарыхы», «Чет эл адабияты», «Жазуучунун чеберчилиги», «Жарыялоолор. Кабарлар. Эскерүүлөр», «Обзорлор жана рецензиялар», «Турмуш. Искусство. Сын» ж. б.
  • Журнал кыргыз совет адабиятынын маселелерине да көңүл бурат.
  • Тира­жы 25 200 (1976).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.