Ворожейкин, Арсений Васильевич

Википедия дан

Ворожейкин, Арсений Васильевич [15(28). 10. 1912-ж. төрөлгөн - 23 май 2001, Москва] — эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (4. 2.[1] жана 19. 8. 1944), авиациянын генерал-майору (1954).

  • 1932-жылдан КПСС мүчөсү. 1931—33 жана 1934-жылдан Сов. Ар­мияда.
  • Учкучтардын аскер-авиац. мек­тебин (1937), ААКтын команда-штурмандык составынын аскер академиясын (1942) жана Генштабдын аскер академиясын (1952) бүтүргөн.
  • Халхин-Голдогу жана совет-финляндия согуштарына (1939—40) катышкан.
  • Улуу Ата Мек. согушта авиаполктун командирине орун басар болгон.
  • 240 согуштук учуу жасап, душмандын 52 самолётун атып түшүргөн.
  • Согуш­тан кийин штабдык жана командирлик кызматтарда иштеген.
  • 1957-жылдан запаста. Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 3-дараж. Суворов, Александр Невский, 2 Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза офицерскому составу военно-воздушных сил Красной Армии» от 4 февраля 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 17 февраля (№ 10 (270)). — С. 1