Восточный кумшагыл кени

Википедия дан

Восточный кумшагыл кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эңилчек кыштагынан 8 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 2530–2600 м бийиктикте. 1978-ж. Сарыжаз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен Эңилчек суусунун биринчи тектиринде жайгашып, антропоген мезгилинде пайда болгон жумуру таш-шагыл-кум материалдарынан түзүлгөн аллювий чөкмө тектеринен турат. Изилденген катмардын калыңдыгы 3,5 мден 9,0 мге чейин өзгөрөт. Кум-шагыл “300” маркадагы бетон даярдоого жарамдуу. 1997-жылга карата баланстагы запасы А категориясы боюнча –257 миң м3, В–227 миң м3, С1–981 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]