Врангель Фердинанд Петрович

Википедия дан

Врангель Фердинанд Петрович (Фердинанд Фридрих Георг Людвиг; немецче Ferdinand Friedrich Georg Ludwig von Wrangell) [29 (9). 12 (1) 1797 (98), Россия империясы, Псков шаары -25 (6). 05 (06). 1870, Дерпт (Тарту), Эстония] – орус деңиз саякатчысы, полярдык изилдөөчү, адмирал (1856), генерал-адъютант (1856), корреспондент мүчө (1827), Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1855). Деңиз кадет корпусун бүткөн (1815). Орус география коомун уюштуруучулардын бири. 1817-19-жылдары Ф. П. Врангель «Камчатка» кемеси менен дүйнөнү айланып чыккан экспедицияга катышкан. 1820-24-жылдары Колыма экспедициясына башчылык кылып, Сибирдин чыгыш, түндүк-чыгыш жээктерин, Индигирка дарыясынын чатынан Колючи булуңчасына чейинки аралыкты изилдеген. Аюулуу аралдарын картага түшүрүп, Колыма дарыясынын чатынан түндүктө жана Шелаг тумшугу тушта ачык деңиз (мурда кургактык деп божомолдонгон) бар экенин аныктаган. Полярдык деңиз толугу менен тоңбогонун далилдеп, арал бар экенин айткан. 1824-27-жылдары «Кроткий» кемеси менен дүйнөнү айланып чыккан орус экспедициясын, 1829-35-жылдары Аляскада жашаган орус тургундарын жетектеген. Лондондогу королдук география коомунун корреспондент мүчөсү (1837). Демидов сыйлыгы (1842) жана 4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган (1837). Ф. П. Врангелдин атын Түндүк Муз жана Тынч океандарындагы аралдар, Аляскадагы тоо, тумшук, бухта жана Алеут аралдарындагы тоо алып жүрөт. Эмгектери: «Историческое обозрение путешествий по Ледовитому океану» (1836); «Путешествие по северным берегам Сибири и по Ледовитому океану, совершенные в 1820, 21, 22, 23 и 24 годах» (1841)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]