Врангель аралы

Википедия дан
Врангель аралы.
Врангель аралы.

Врангель аралы – Чыгыш Сибирь жана Чукча деңиздеринин (Түндүк Муз океаны) чек арасында жайгашкан арал. Ал аралды 1867-ж. Т. Лонг ачып, Ф. П. Врангелдин ысымы менен атаган. Материктен Лонг кысыгы аркылуу бөлүнүп турат. Аянты 7,3 миң км2дей. Бийиктиги 1096 мге чейин (Совет тоосунда). Арктикалык тундра ландшафты мүнөздүү. Уюлдук станция иштейт (1926-жылдан). Врангель аралы коругу бар. Калктуу пункттары: Ушаков, Звёздный. Орус деңиз саякатчысы Ф. П. Врангелдин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]