Врангерчилик

Википедия дан

Врангерчилик - 1920-ж. апрель - но­ябрь айларында Крым м-н Түш. Украинада ак гварднячыл контррев-я орноткон режим.

Генерал Врангелдин ак гвардиячыл армиясы Деникиндин кыйраган аскер бөлүктөрүнөн түзүлгөн. Врангель аскерднк жана материалдык жардамды англ.-амер. ж-a франц. империалисттерден алып турган. Алардын тикеден-тике ишлтөөсү боюнча Врангель бурж. Полынага кошулуп согушкан. 1920-ж. 7-июнда Врангел­дин аскерлери Түн. Таврияны басып алган. Кызыл Армиянын баатырлык каршылыгынын натыйжасында Вран­гелдин чабуулу түндүккө—Донбассты көздөй жыла алган жок. О. эле алар­дын 1920-ж. августтагы Кубанга ж-а Азов боюна десант түшүрүүгө жасаган аракети жанa жерг. калкты Совет бийлигнне карты көтөрүүгө далалаты ордунан чыкпай калган. Врангерчиликтин ырайымсыз жазалоосуна карабастан, кембагалдар жанa дыйкандар Совет бийлигин колдогон. РКП (б) БК врангелчилерге карты аёосуз күрөшүү зарыл деп чечип, М. В. Фрунзе башында турган Ту штук фронтун түзгөн. Бул фронттун аскерлери врангелчилердин Донбасска жасаган чабуулун токтотуп, бардык багыт боюнча чабуулга өтүшкөн. Врангелдин Тун. Тавриядагы эң негизги күчтөрү ошондо талкаланган. 1920-ж. 7—11-ноябрда сов. аскерлер Крым мойногундагы чептерди бузуп өтүшүп, 17-ноябрда Крымды бошотушкан. Врангелдин аскерлерннин калганы чет мамлекеттерге качып кеткен.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.