Вторчермет

Википедия дан
Вторчермет (Екатеринбург)‎»‎ барагынан багытталды)
Вторчермет
Негизделген жылы:

1942-жыл

Метро станциялары:

Жок

Телефон коддору:

+7 343

Вторчермет (Чермет) — Екатеринбург шаарындагы, Чкалов районунда жайгашкан турак-жай району. Вторчермет менен түндүк тарабынан «Ботаника» турак-жай району чектешет.

Вторчерметеги Титов көчөсү

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Район, 1930-жылдары Свердловсктун түштүк-батыш бөлүгүнөн түзүлө баштаган (1939-жылы, Свердлов эт комбинаты ишке киргизилген), ошондой эле негизги бөлүгү Улуу Ата Мекендик согуш убагында Түптөлгөн. Согушка чейин бул жерде «Вторчермет» зоводу курулуп баштаган, ошол «Вторчермет» 1942-жылы Киев жумушчулары менен бирдикте, Уралды эвакуациялоо үчүн курулуп бүтөрүлгөн. Аскердик жылдары, заводдун айланасына эки - жана үч кабаттуу үйлөрдү, районго массалык түрдө, көппанелдүү турак-үйлөрдү куруу иштери башталган. «Южный» кинотеатр, РТИ маданият сарайы, клубдар курулган[1]. Райондогу трак-жайлар ар түрдүү пландагы үйлөр: Согуштан кийин курулган 2-3- кабаттуу үйлөр, 5 кабаттуу «хрущёвки» жана «брежнёвки», оңдоп түзөлгөн 9-12-кабаттуу үйлөр.

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вторчерметтин негизги магистралдык көчөлөрү — Титов көчөсү жана Селькоров көчөсү. 1-жана 15 - трамвайлардын акыркы «Вторчермет» станциясы жайгашкан жерден, үч көчө биригет —алар Титов, Санаторная жана Селькоров көчөлөрү. Мындан тышкары, район аркылуу өтүүчү автобустук каттамдар 88,

91, 91м, 12, 81, 019, 016, 26, 42, 077, 57, 57а, 042.. "Керамическая" станциясы менен район аркылуу өтүүчү трамвайлар 9, 14, 25, 27, 34.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Петкевич Т. А. Вторчермет // Энциклопедия Екатеринбурга [Электрон. ресурс]. — Екатеринбург. : ИИиА УрО РАН

Электрондук ресурстар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Петкевич Т. А. Вторчермет // Энциклопедия Екатеринбурга [Электрон. ресурс] : электрондук энциклопедия. — Электрон. дан. жана прогр. — Екатеринбург. : ИИиА кыскарышы ме РАН, - жылга көрсөтүлбөсө. — 1 электрон. опт. диск (CD-ROM)