Вулканизация

Википедия дан

Вулканизация — «чийки» каучукту ийилчээк резинага айландыруучу технол. процесс. Каучукка караганда резина кол-донулууга көпчүлүк физ.-мех. касиеттери б-ча ыңгайлуу келет. Анын жылуулукка, суукка чыдамдуулугу жогорулайт, ийилчээктиги жана бышыктыгы артат, орг. эриткичтерге эриши жана көбүүсү азаят. Көпчүлүк учурда каучуктарды В. күкүрт же башка (ыш, бор, коалин ж. б.) хим. агенттер жардамы менен жүргүзүлүп, каучук макромол-рынын ортосунда тор сыяктуу байланыштар пайда болот. Тор сыяктуу түзүлүштөгү вулканизаттар касиети хим. байланыштар санына, алардын молекулада жайгашышына жана мол. масс. жараша өзгөрүлөт. Каучукка 0,5-5% күкүрт кошулса, жумшак вулканизаттар пайда болот. Алардан автомобиль камерасы, покрышкасы, топ, түтүк ж. б. жасалат. Ал эми 30-50% күкүрт кошулса, катуу ийилгич эмес материал (эбонит) алынат. Ө. ж-нда резина аралашмаларын В. атайын агрегаттар, автоклавдар, пресстер, туз ванналарын, калыпталган жана калыпталбаган казандар, тынымсыз иштөөчү аппараттарда басым астында ысытылып жүргүзүлөт. Каучукту В. процессин күкүрт хлорди (S2С12) жардамы менен ысытпай эле жүргүзүүгө болот. Курамында күкүрт кармабаган В. бирикмелер да белгилүү. Алар эки топко бөлүнөт: окистендирүүчү агенттер (О2, орг. жана орг. эмес өтө пероксиддер нитробирикмелер жана ажыроодон бош радикалдарга айлануучу бирикмелер), орг. пероксиддер (поли- жана дисульфиддер. Диазобирикмелер, сульфенамиддер ж. б.). В. процесси вулканизат агенттеринин катышуусуз жана ысытуусуз радиациондук нурдун таасир менен же жалаң эле ысытуудан жүрүшү байкалган. В. жардамы менен ар кандай шарттарга туруктуу, жакшы касиеттерге ээ резиналарды алууга болгондуктан, бул процесске чоң көңүл бурулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]