Вулканология

Википедия дан

Вулканология — жанар тоолорду изилдей турган геологиянын бир тармагы. Жанар тоолордун пайда болуу процесстерин, аракетке келүү жана атылып чыгуу себептерин, өнүгүп-өөрчүшүн, атылып чыккан материалдардын курамын, анын жер бетинде таралуу законченемин ж. б. кубулуштарын изилдейт. Вулканологиянын негизги максаты жанар тоолордун атылып чыгышын алдынала билүү жолдорун табуу жана андан чыккан ысык суу менен буулардын жылуулук энергиясын эл чарбасынын керектөөсүнө пайдалануу. Бул маселелерди чечүүдө Вулканология геология, геотектоника, геофизика, геохимия ж. б. илимдердин маалыматтарын кеңири пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]