Вульгаризм

Википедия дан

Вульгаризм ( лат. vulgaris — одоно) — адабий речтин нормасына туура келбеген одоно сөздүн көркөм чыгармаларда колдонулушу. Ал көбүнчө чыгарманын каармандарынын речинде кездешет да, анын кулк-мүнөзүн, кимдигин билдирүү үчүн колдонулат. К.Жантошевдин «Каныбек» романындагы Сабыржандын: «Кудая парвадигар!.. Ал кызыталак, баягы үй артында турганыбызды айтып жибереби деп, көз карашынан чочулап, артында котур кара мышыгың бар экен деп кылган амалым эле. Ал батчагар ошону көңүлүнө түйгөн экен да?» же Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романдынагы Сабитжандын: «Баары ак-мак, баары ит экен!» — деген речиндеги «кызыталак», «ит экен» деген сөздөр вульгаризмге мисал боло алат.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]