Вуте (эл)

Википедия дан

Вуте (вуте, вутере, буте, бабуте, мфуте) — Камерунда, Санага дарыясынын жогорку агымында жашаган эл. Вуте эли вуте, вава, галим, суга субэтникалык топторуна бөлүнөт.
Жалпы саны 40 миң адам.

Вуте

Вуте эркеги
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 40 миң адам
 Камерун

Тили

вуте

Дини

мусулмандар (сүннөттөр)

Расалык тиби

негроид

Тил

Бенуэ-конго тилдеринин курамына кирген вуте тилинде сүйлөшөт.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр).

Кийим

Салттуу кийимдер — белдемчилер, зер буюмдар.

Тамак-аш

Негизги азыгы – ботколор, жашылча, сүт.

Чарбалык иштер

Салттуу кесиптери — малчылык (зебу) жана кол менен иштетилген жер чарба (таруу, ямс, таро, сорго).

Кол өнөрчүлүк

Үй кол өнөрчүлүгү сакталган — себет токуу, идиш-аяк жасоо.

Коом

Коомдук уюмдун негизин көп балалуу үй-бүлө түзөт. Нике вирилокалдык.

Маданият

Элдик оозеки чыгармачылык өнүккөн: уламыштар, жомоктор, ырлар, макал-лакаптар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]