Вхутемас

Википедия дан

Вхутемас, жогорку мамлекеттик сүрөт – техникалык өнөрканалар. 1920–21, 1926–27–окуу жылдарында Москвадагы көркөм сүрөт жогорку окуу жайы болгон. В. биринчи мамл. эркин көркөм сүрөт өнөр­каналарды экинчилер (мамл. эркин көркөм сүрөт өнөрканалары) менен кошуп жибергенден пайда болгон, башкача айтканда, мурунку Строганов окуу жайы мурунку живопись, скульпторлук, зодчийлик окуу жайы менен бириктирилген. В-та живопись, полиграфия, скульпторлук, архитектура, текстиль, керамика, жыгач иштетүү, металл иштетүү факультеттери болгон. Бул жогорку окуу жайынын формалисттик жетекчилигинин туура эмес иш алып баруусунан сов. көркөм сүрөт искусствосу көп зыянга учураган. В-тын программалары көркөм сүрөт искусствосунун идеялык-образдык мазмунун чечкиндүү жокко чыгарган формалисттик көркөм маданият ин-ту тарабынан иштелип чыккан. Студенттердин массалык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин гана В-тын живопись факультетинде 1921-жылдын аягы, 1922-жылдын башында А. Е. Архиповдун, Д. Н. Кардовскийдин реалисттик өнөрканалары жана Д. А. Щербиновскийдин анатомиялык сүрөт өнөрканасы пайда болгон. 1926-27–окуу жылында В. Вхутеин болуп которулган.

 

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]