Вьетнам Ата-Мекендик фронту (ВАМФ)

Википедия дан

Вьетнам Ата-Мекендик фронту (ВАМФ) - 1955-ж. 10-сентябрда түзүлгөн.

Биринчи съезди 1955-ж. 5 -10-сентябрда Хапойдо өткөн. ВАМФ-тын составына ВДРднн бардык саясий партиялары ж-a коомдук уюмдары кирген.

Жетекчи органы — Вьет­нам эмгекчилер партиясы (ВЭП). Съездде борб. органы шайланып, ус­тавы жанa программасы кабыл алынган, тынчтыкчыл, бирдиктүү, көз карандысыз, демокр. жанa гүлдөгөн Вьет­нам үчүн күрөшүүнүн негизги багыттары аныкталган. ВАМФ Вьетнамдагы амер. агрессияга (60-жылдардын 2-жарымы — 70-жылдардын башы) карты күрөшкөн. Туш. Вьетнамдын патриоттук күчтөрүн колдоого эл массасын баш коштуруп, амер. интервенттерди жеңүүгө, өлкөну бириктируүгө чоң салым кошкон. Вьетнам Сон. Республикасы түзүлгөндөн (1976, июль) кийин ВАМФты, Түш. Вьет­намцы боштондукка чыгаруучу улут­тук фронтту (1960-ж. негизделген) жанa Түш. Вьетнамдын улуттук, де­мокр. жанa тынчтыкчыл күчтөрүнүн союзун (1968-ж. негизделген) Вьет­намдын улуттук биримдик фронтуна бириктирүү үчүн даярдык көрүлө баштаган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.