В.И.Ленин атындагы мектеп-интернат

Википедия дан

В.И.Ленин атындагы мектеп-интернат - Шакафтар айылында жайгашкан. Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө карайт.

1957-жылы ачылган (ачылыш аземине Кыргыз ССР КП БКнын 1-катчысы И. Раззаков катышкан). Чаткал, Лла-Бука, Аксы ж.б.райондордон, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токгогул шаарларынан келген, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, малчылардын балдары билим алышат. Учурда мектепте 65 мугалим, тарбиячы, 70 техникалык кызматкер змгектенип, 620 окуучу билим алууда (2014-2015 окуу жылы). Мектеп-интернатта 6 кафедра иш алып барат. Окутуу орус, кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Мектеп китепкана, ашкана, 3 спорт зал, медпункт, 10 жатакана, өнөркана, маданият үйү, акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыз болгон. Советтер Союзунун учурунда мектеп билим берүүнүн сапаты боюнча республикадагы алдыңкы окуу жайлардын катарында турган. Белгилүү педагогдор: И.И.Ким, Ж. Акматов, В.О.Цекиндер, Т.Д.Орозбаев, Н.Стамбеков, А.Сулаймановдор жетектеген. А.Карабекова (англис тили), К.Бейшенбаева (кыргыз тили), О.М.Козлова (тарбиячы), Ж.Мендешов (химия), Байтөлөев, С.Асылбеков (физика), Ш.Бапанов (тарыхчы), Л.А.Ибрагимова, Н.З.Сиразиева (орус тили жана адабияты), В.Д.Мещалкина (тарых), Р.Караев (физика, математика), М.Саяков, Д.Таиров (башталгыч класстар), Б.Орозова (кыргыз тил жана адабияты), С.Мамырова (дене тарбия), Э.Кудайбердиев (аскер иши) сыяктуу чыгаан педагогдор узак жылдар эмгектенишип, алар тарбиялаган окуучулар СССРдин, Кыргыз Республикасынын белгилүү кадрлары болушкан. Г.Г.Онищенко (Россия Федерациясынын башкы санитардык врачы), Б.Токторалиев (академик), А.Наралиев (профессор), Г.Мамадинова (белгилүү көз дарыгери), Жогорку Кеңештин депутаттары - Ш.М.Сыдыков, ж.б.мектептин бүтүрүүчүлөрү.

Мектеп-интернаттын базасында “Орленок” балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору ачылган (1994-95). Облустук профсоюз федерациясынын каржылоосу менен Чаткал, Ала-Бука райондорунан келген балдар жайкысын эс алышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6