В. В. Радловдун жыйнаган материалдарыдагы кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрү»

Википедия дан

В. В. Радловдун жыйнаган материалдарыдагы кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрү» — филология илимдеринин кандидаты С. Кондучалованын (Фр., 1961) эмгеги. Көлөмү 7 басма табак. Эмгек кириш сөздөн, негизги бөлүктөн, корутундудан турат. Кириш сөздө эмгектин максаты В. В. Радловдун 19-кылымдын экинчи жарымында жыйналып жана жарыкка чыгарган кыргыз тексттерине фонетикалык талдоо жүргүзүп, фактыларды азыркы түндүк кыргыз говорлору менен адабий тилдин материалдарына салыштырылып изилденгенин экендигин эскертет. Ошондой эле кыргыз тексттерин жазууда колдонулган В. В. Радловдун транскрипциясына таблица берилген. Эмгектин негизги бөлүмүндө таблицада колдонулган транскрипциялык белгилердин колдонуш ыктары жана берген маанилери жөнүндө тексттерге фонетикалык талдоо жүргүзүлгөн. Автор В. В. Радлов кыргыз тексттерин жазууда он алты тыбышты белгилей турган тамгаларды, ошондой эле он тогуз фонемадан турган түндүк кыргыз говорлорунун үнсүздөр системасын колдонгондугун айтып, аларды азыркы кыргыз тилинин фактыларына салыштырып изилдеп чыккан. Корутунду бөлүгүндө В. В. Радлов тарабынан жарыяланып бул тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында Түндүк Кыргызстанда жашаган жергиликтүү өкүлдөрдүн тилдик өзгөчөлүктөрүн элестетүүчү эң баалуу эстелик болуп саналат деген жана башкалар жыйынтыктарга келген. Бул эмгектин аяк жагына В. В. Радлов жазып алган тексттен үзүндү транскрипциясы эч өзгөрүлбөй берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4