Гавайлыктар

Википедия дан

Гавайлыктар - Гавайи калкы. Жалпы саны 180 миң киши, андан ичкери таза кандуу гавайлыктар 1 миңдей, калгандары гавайи-азиялык, гавайи-америекалыкжана гавайи-европалык аргындар (2000). Гавайи, ошондой эле пиджин-инглиш (гавайи вариантындагы англис тили) тилинде да сүйлөшөт. Негизинен протестанттар жана католиктер.Гавайи аралдарына европалыктар келген мезгилде (1778) калктын саны 300 миңдей болгон. Чоңчоң үйбүлөлүк жамааттар (охана) жашап, 2 социалдык катмарга бөлүнгөн: ак сөөктөр («тектүү») жана общинниктер (макааинана). Айрым аралдарда аскерлерге (кошуун) таянган жамаат башчылары бийлик жүргүзүп, алгачкы мамлекеттик түзүлүш калыптанган. Гавайлыктардын жашоосу диндик социалдык үрп-адат жана салттар (табу) аркылуу жөнгө салынып турган. Салттуу чарбасы: дыйканчылык (банан, балкамыш, батат, таро, ямс жана башка), балык кармоочулук, мал чарбачылык. Кеме куруу, буладан (тапа) көркөм буюмдарды, куш канатынан плащ, шлем жана башка жасоо жогорку деңгээлде өнүккөн. 18-кылымдын аягында европалык, америкалык колониячылар, айрыкча АКШ Гавайи аралдарын басып алгандан кийин калктын саны өтө тез азайып, маданияты кыйраган. Гавайлыктардын европалыктар, америкалыктар жана азиялыктар менен аралашуусунан аргындар пайда болуп, алардын бир бөлүгү гавайи тилин жана маданиятынын айрым элементтерин сактап калган. Учурда гавайлыктардын көпчүлүгү шаарда жашашып, тейлөө тармактарында ишгешет. Гавайлыктардын арасында гавайи маданятын кайра жаратуу жана сактоо аракеттери күч алууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]