Гаджет

Википедия дан
Күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн эле буюмдардын жалпыланган аталышы.

Гаджет (англ. gadget) Гаджет деген эмне? Акыркы мезгилде бизге мурун тааныш болбогон сөздөр көп кездешчү болду. Алардын бири – гаджет. «Мунусу эмнеси?» дегендер бар. Алар – күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн эле буюмдардын жалпыланган аталышы.

Гаджет жөнүндө кыскача[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21-кылым – жогорку технологиялардын кылымы экени белгилүү. Буга далил катары компьютерди алсак болот. Ал эми компьютердин өнүгүшүнө байланыштуу ар кандай кошумча каражаттар да пайда боло баштады. Мисалы, флешка, USB кабель, Web камера, наушник сыяктуу нерселер. Мына ушулардын баары гаджет деп аталып жүрөт. Гаджет – салмагы 300 граммдан ашпаган кичинекей прибор. Француз тилинен которгондо «gachette» – илмек, каамыт (бирдемени бекитүү үчүн колдонула турган шакек сыяктуу нерсе), башкача айтканда, туташтыргыч, байланыштыргыч дегендей маанини берет. Гаджеттер чектелген гана бир функцияны аткарып, өз алдынча иштей албайт. Адатта, компьютерге же башка техникага туташканда гана иштей алат. Өзүнүн энергия булагына ээ эмес, кайсыга туташса, ошондогу энергияны колдонот. Бирок азыр ар кандай күлкүлүү же оригиналдуу электрондук буюмдарды да гаджеттер деп атап коюп жүрүшөт. Андайлардын катарын асмандагы жылдыздарды элестеткен түнкү лампалар, эртең менен ойгото турган маалга келгенде үнү катуу чыгып бөлмөнү айланып качкан сааттар да толуктайт. Андан тышкары телефо­нуңуз­да­гы же компью­те­риңиздеги кошумча функцияны да гаджет (виджет) деп атоого мүмкүн. Мисалы, аба ырайын, валюта курсун көрсөтүүчү атайын программалык тиркеме.