Газан-хан Махмуд

Википедия дан

Газан-хан Махмуд - (4.11.1271, Иран, Абаскун-17.5.1304) 1295-жылдан Ирандын башкаруучусу, ильхан (хан), моңголдордун Хулагу династиясынан чыккан. Хорасан, Мазендаран жана Рей аймактарында наместник болуп турганда ильхан Байдуга каршы чыгып, хандык тактыны ээлеген. Жаш кезинен буддизм дининин таасиринде тарбиялангандыгына карабастан, Иран аксөөктөрүнүнүн, мусулмандык диний төбөлдөрдүн жана көчмөн моңгол аксөөктөрүнүн бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуш үчүн ислам динине өтүп, аны Ирандын мамлекеттик дини деп жарыялаган. Вазири Рашид ад-Диндин жардамы менен админ. жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. 1303-ж. кошуунуна кирген бардык моңголдорго аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн жер (икта) бөлүп берүү тууралуу жарлык чыгарган. Газан-хан тушунда Тебризге жакын жерде обсерватория жана оорукана, каналдар курулган. 1299-1303-ж. Сириядагы мамлюктарга каршы уюштурган жүрүштөрү ийгиликсиз аяктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]