Газдардын кинетикалык теориясы

Википедия дан

Газдардын кинетикалык теориясы — теориялык физиканын газ молекулалардан турат жанa алардын өз ара аракеттенишинде белгилүү за­кон ченеми болот деген түшүнүктүн негизинде газдардын касиеттерин статистикалык метод менен изилдөөчү бөлүгү.

Газдардын кинетикалык теориясы газдардагы тең салмаксыз процесстеринин теориясы жана анын закондору газдар, алардын аралашмасы жана плазма да колдону­лат.

Газ молекулаларынын же атомдорунун жылуулук кыймылы катуу нерсенин ж-а суюктуктун молекула­ларынын (атомдорунун) жылуулук кыймылынан башкача. Газ молекулалары эркин кыймылдайт. Газдардын кинетикалык теориясында басым, диффузия, жылуулук өткөргүчтүк ж. у. с. чондуктар изилденүүчү көлөмдөгү бардык газ молекулаларынын жыйынтыктоочу кыймылынын орт. мааниси катарында каралат. Газдардын кинетикалык теориясыньш негизги милдети — газ абалын мүнөздөгөн кубулуштардып (бөлүкчөлөрдүн ылдамдыктары. диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөргүчтүк коэффициенттери) орт. маанилерин аныктоо.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.