Газ-динамикалык лазер
Көрүнүш
Газ-динамикалык лазер – үн ылдамдыгынан жогорку ылдамдык-тагы ысытылган газ массаларын адиабаталык муздатуу жолу менен газ молекулаларынын энергияларын термелтүү деңгээл системасында теңсалмаксыздык абал түзүлүүчү газ лазери.
Газ-динамикалык лазер ысыткыч, үн ылдамдыгынан тез чорго, оптикалык резонатор жана диффузордон турат. Газ үн ылдамдыгынан тез чорго аркылуу өткөндө аралашма тез муздайт; энергиянын төмөнкү деңгээли жогоркусуна караганда тез бошойт. Натыйжада молекулалардын белгилүү энергия деңгээлдеринин абалы пайда болот. Резонатордо когеренттүү нурлануу жаралат. Диффузор газ басымын көбөйтөт жана агымды токтотот. Газ-динамикалык лазердин артыкчылыгы – жүздөгөн кВт кубаттуулуктун үзгүлтүксүз пайда болушу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0