Газ бөлүштүрүүчү станция

Википедия дан

Газ бөлүштүрүүчү станция - газ басымын керектүү денгээлге чейин төмөндөтүүчү установка.

Газ бөлүштүрүүчү станцияда газды тазалоо, жөндөө жана анын сарп болушу эсептелинип турат. Басым жөндөөчүнүн жардамы менен газ басымы 1—3 am га чейин азайтылат. Станциянын жабдуусуна курчоо сызыгы, сактоочу клапан жанa жөндөгүчтү текшерүүчү прибор кирет. Ал пайдаланылышына карай магистралдан тармакталган, промыселдик текшерүү-бөлүштүргүч жанa автоматтык болуп бөлүнөт.

Газ бөлүштүрүүчү станциянын өндүрүмдүүлүгү керектелишине жараша 3 мин м31с тан 500 миң м3]с ка чейин өзгөрөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.