Газ турактуулугу

Википедия дан

Газ турактуулугу (R) – 1 моль идеалдык газдын абал теңдемесине ки-рүүчү универсал турактуу сан: pV=RT (к. Клапейрон теңдемеси), мында p – басым, V – молдун көлөмү, T – абсолюттук температура.

Физикалык мааниси боюнча универсалдуу Газ турактуулугу – 1 моль идеалдык газды турактуу басымда 1 К ге ысытууда кеңейүү менен аткарылган жумуштун сан чоңдугуна барабар. Газ турактуулугу – турактуу басымдагы жана көлөмдөгү молдук жылуулук сыйымдуулуктарынын айырмасы Cp–Cv=R. СИ деги (1980) Газ турактуулугунун сан мааниси 8,31441 (26) Дж/(моль*K). Башка бирдиктерде R=8,314*107эрг/(моль*K)=1,9872кал/(моль*K)=82,057 см3* атм/(моль*K)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]