Гайдаp (Голиков) Аркадий Петрович

Википедия дан

Гайдаp (Голиков) Аркадий Петрович - [9(22).1.1904, Льгов, азыркы Курск облусу 26. 10. 1941, Черкас облусу, Канев району] жазуучу, орус балдар адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири. 1918-ж. ыктыяры менен Кызыл Армияга кирип, кийин Киевдеги жөө аскерлер курсун бүтүргөн. 16 жашында полкко командир болгон. Ал согуштан бир нече ирет жараат алгандыктан, 1924-ж. армиядан бошотулган. Анын чыгармачылыгы 1925-жылдан башталган. «Мектеп» (1930) аттуу өмүрбаяндык повестинде жаш өспүрүмдөрдүн башынан өткөргөн революциялык күрөшү чагылдырылган. Ал «Алыскы өлкөлөр» (1932), «Согуш сыры» (1935),«Барабанчынын тагдыры» (1939) повесттеринин жана «Көгүлтүр чыны» (1936) аңгемесинин автору. Бул чыгармаларында жазуучу жаңы турмуштун курулушун, адеп-ахлактык жана атуулдук тарбиянын татаал проблемаларын чагылдырган. «Чук жана Гек» (1939) повестинде Атамекенге болгон мээримди даңазаласа, «Тимур жана анын командасы» (1940) повестинде жаш жеткинчектердин атуулдук демилгесин сүрөттөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда «Комсомольская правда» гезитинде кабарчы болуп иштеген; согушта баатырларча курман болгон. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, андан ичкери кыргыз тилине да которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]