Гайша Ибрагимова

Википедия дан

Ибрагимова Гайша Джусупбековна (1951-жыл, 25-ноябрь, Дудинка, СССР – 2020-жыл, 12-июль, Бишкек, Кыргызстан) – Кыргызстандагы алгачкы жеке менчик окуу комплексинин – “Илимдин” негиздөөчүсү жана директору, “Билим берүү мекемелеринин союзу” ассоциациясынын президенти (1999-жылдан 2020-жылга чейин)[[https://web.archive.org/web/20220306102631/http://sou.kg/ Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine 1]], Кыргызстандын президенттигине алгачкы аял талапкер (2005-жылы[2], 2011-жылы[https://web.archive.org/web/20220306102647/https://slovo.kg/?p=2326+%D0%B0%D0%B2%D0%B3%D1%83%D1%81%D1%82%D0%B0+16%2C+2011 Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine [3]]), Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин орун басары (2004-2005-жылдары), Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин статс-катчысы (2005-жылы)[4], Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги[5]

Биография[1][түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гайша Жусупбековна 1951-жылы 25-ноябрда Орусиянын Красноярск крайынын Дудинка[6] шаарында интернационалдык үй-бүлөдө төрөлгөн – атасы кыргыз улутундагы Жусупбек Есеналиев, ал эми апасы волгалык татар Алия Хайрова[https://web.archive.org/web/20220306102629/https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/%D0%A1%D1%83%D0%B4%D1%8C%D0%B1%D1%8B-RU.pdf Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine [7]]. Дудинка – Таймыр жарым аралындагы конуш, ошол жылдары ал жерде ГУЛАГдын бөлүмү орун алган[https://web.archive.org/web/20220306102629/https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/%D0%A1%D1%83%D0%B4%D1%8C%D0%B1%D1%8B-RU.pdf Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine [8]]. Гайша Жусупбековнанын ата-энеси ГУЛАГга сүргүнгө айдалып, ошол жерден таанышып, баш кошушкан. Гайша Ибрагимованын инсан катары калыптанышына, эркиндикти, адилеттүүлүктү эңсеп жашаганына бала кезиндеги маанай жана айланасында орун алган жагдайлар чоң таасирин тийгизген. Анын үй-бүлөсү өз мекенине, Кыргызстанга Сталин өлгөндөн кийин (1953-жылы) ата-энеси мунапыс алган соң кайтып келген[https://web.archive.org/web/20220306102629/https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/%D0%A1%D1%83%D0%B4%D1%8C%D0%B1%D1%8B-RU.pdf Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine [9]].

Ата-энеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апасы – Алия Хайрова 1918-жылы Волга боюнда (азыркы Волгоград, Орусия) көп балалуу үй-бүлөдө (8 уул, 2 кыз) туулган. Ал жакшы билим алган: толук жети жылдык мектепти, Ростов-на-Донудагы техникалык институтту бүтүргөн. Анын жаштыгы согуш маалына туш келген. Алия 1941-жылы 23 жашында фронтко аттанган. 1945-жылдын декабрына чейин ал офицер болуп кызмат кылган, зениттик аткыч болгон. Катуу жараат алып, 1945-жылы Будапешттеги ооруканага түшкөн. Согуш жылдарында дээрлик бардык жакындарынан, жолдошунан, балдарынан ажырап, эжеси жана агасынын кызы гана аман калган[10].

Согуш аяктагандан кийин Алия өз шаарындагы эт-сүт комбинатында цехтин башчысы болот. Бирок, аз убакыттан кийин мамлекеттин душманына айланган – ал кызматтык абалынан пайдаланып, алсыз, көп ооруган баланы жалгыз багып жаткан кызматкер келинге боору ооруп, ага бир стакан сүт жазып берген! Ал кезде бул социалисттик менчикти уурдоо катары бааланып, эч кандай жагдайлар эске алынчу эмес. Алияга катаал өкүм чыккан – Норильлаг (ГУЛАГ) эмгек-түзөтүү лагерине сүргүнгө жиберилген[https://web.archive.org/web/20220306102629/https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/%D0%A1%D1%83%D0%B4%D1%8C%D0%B1%D1%8B-RU.pdf Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine [11]] (ГУЛАГ лагерлери – саясий туткундар, ар кайсы улуттун өкүлдөрү, түрдүү кесиптин ээлери кармалган лагерь). ГУЛАГда Гайша Ибрагимованын ата-энеси – атасы Жусупбек Есеналиев менен апасы Алия Хайрова таанышып, никеде 3 кыздуу болушкан (Гайша, Сагын, Гүлжамал).

Атасы – Жусупбек Есеналиев. Ал Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон, жетекчи кызматтарда иштеген. Гайша Ибрагимованын апасы Алия Хайрова менен жолуккан учурда ал ГУЛАГда отурганына 10 жыл болгон. Жусупбек Есеналиев 1937-жылы репрессияга кабылып, өмүр бою эркинен ажыратылып, Орусиянын түндүгүндөгү Норильск шаарына сүргүнгө айдалган. Мындай катаал жазага партиянын жалпы саясатына карама-каршы келген пикирди айтканы себеп болгон[12]. Есеналиев лагерде өмүрүнүн 18 жылын өткөргөн.

Мекенине кайтып келгенден кийин анын ден соолугу кескин начарлап кеткен – ага силикоздуу кургак учук диагнозу коюлган[13]. Кен чыккан жерде, ГУЛАГдын шахталарында адамды эзген иштин кесепети оор болду – мекенине кайтып келген соң Есеналиев беш жылдан кийин көз жумган. Алия Хайрова баш калкалаар үйү жок (кызматтык батирин тартып алышкан), акчасыз (жумушка алышкан эмес), үч кызын жана жээнин жетелеп жалгыз калган. Бирок согуш аны эрктүү адамга айландырган: көп жылдардан кийин бюрократиялык тоскоолдуктарды жеңип отуруп, жумушка да орношуп, батирге да ээ болуп, кыздарын тарбиялап, аларга жогорку билим алышы үчүн шарттарды түзүп берген[14].

Билими жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гайша 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “Тарых жана коом таануу мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн. Университетти аяктагандан кийин биринчи жумушу – Ош шаарында тарых мугалими болуп иштей баштаган, себеби Ошко жолдошу Ибрагимов Марс Ибрагимович (Гарифович) кызматка которулган. Жолдошу ошол маалда республикалык прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштери боюнча тергөөчүсү болуп иштечү.

1993-жылы сиңдилери менен чогуу алгачкы жеке менчик жалпы билим берүү мектебин – “Илим” жеке окуу комплексин ачышкан. Негизги мектеп Бишкек шаарында орун алган, ошондой эле Ош шаарында да филиалы бар. Бул мектеп окууга жаңы ыкмаларды киргизген билим берүү чөйрөсүндөгү алгачкы долбоор болду: бул окуу жайында интерактивдүү усулдарды жана жаңы технологияларды колдоно башташкан, программага социалдык жана гуманитардык баалуулуктарды киргизип, окутууга бизнес-процесстердин элементтерин кошушкан.

1999-жылы Гайша Кыргызстанда “Билим берүү мекемелеринин союзу” ассоциациясын түзүп, көптөгөн билим берүү долбоорлорун жигердүү түрдө ишке ашырган. Ал өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин ассоциациянын президенти болгон.

1999-жылы ЮНЕСКО-Кыргызстандын Бириктирилген мектептер тармагынын улуттук координатору болгон. Ошол эле маалда ал ишкерлердин BPN коомдук бирикмесинин мүчөсү болуп калган.

Гайша Жусупбековна 2002-2003-жылдары “Жалпы республикалык тестирлөө” долбооруна катышып, ЖРТга чоң салымын кошкон[15].

Ошондой эле 2003-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү жана илим боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалган. Ошол эле маалда орто билим берүү аркылуу көп улуттуу коомдордо интеграция маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси болгон[16].

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине келип, министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. Бул кызматта ал бир жыл иштеген. Анын катышуусу менен министрликтин Кадр саясатынын стратегиясы иштелип чыгып, анын жыйынтыгында “Жаш мугалимдин депозити” программасы бекитилген[17]. 2005-жылы Гайша Ибрагимова аталган министрликтин статс-катчысы болуп дайындалган.

Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин анын жетекчилиги астында “Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жакшыртуу максатында Балдар жана мугалимдер үчүн жайкы аянтчалар”, “Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү мугалимдер менен балдарды социалдык-психологиялык жана кесиптик жактан калыбына келтирүү”, “Биз бир болсок, эч качан жеңилбейбиз” аттуу бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Бул долбоорлордун алкагында 4268 балага, мугалимдерге жана тарбиячыларга жардам берилген[https://web.archive.org/web/20220306111222/http://sou.kg/%D0%BE-%D0%BD%D0%B0%D1%81/ Archived 2022-03-06 at the Wayback Machine [18]].

Гайша Ибрагимова ошондой эле Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун адам ресурстарын өнүктүрүү комитетинин төрайымы болгон[19].

Кыргызстанда президенттик шайлоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-жылы Гайша Ибрагимова Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн биринчи аял болгон[20]. Ал 50 миң кол топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер катары каттоодон өтүү тууралуу арыз берген. Бирок документтерди тапшыруу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу каттоодон баш тартылган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган[21].

2011-жылдын жай айларында Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоого даярдыктар башталган. Гайша Ибрагимова президенттик кызматка талапкер катары аттануу ниети тууралуу БШКга кайрадан арыз менен кайрылган[22]. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча ошол жылдары Алмазбек Атамбаев өлкөнүн президенти болуп шайланган.

Илимий жолу жана кесиптик жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гайша Ибрагимова ар кандай темадагы 18ден ашык эмгектин автору: билим берүү, компетенттүүлүк, билим берүүнүн мамлекеттик эмес формалары, анын сапаты жана натыйжалуулугу, билим берүү чөйрөсүндөгү коррупция темаларына макалаларды жазган.

Төмөнкүдөй кесиптик жетишкендиктери бар:

·        Жогорку квалификациялык категорияга ээ[23].

·        Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги[24]

·        Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасынын ээси[25]

·        Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Ардак орденин алган (2017) [26].

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гайша Ибрагимова 2020-жылдын 12-июлунда көз жумган. Ал 68 жашта болчу. Гайша Ибрагимованын өлүмүнө пневмония[27] себеп болгон. Бул мезгил Кыргызстанда “кара июль” деп аталып калды: ошол маалда COVID-19 пандемиясы билим берүү жана агартуу, маданият, саламаттык сактоо, искусство, спорт, саясат жана башка тармактардын жүздөгөн мыкты өкүлдөрүнүн өмүрүн алып кетти[28].

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошу – Ибрагимов Марс Ибрагимович (Гарифович) (1942-жылы туулган), прокуратурада иштеп, кийин адвокатурага өткөн.

Үч уулу бар:

Ибрагимов Рустам Марсович – “Илим” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүсү (1993-1994-жылдары)[29], кесиптик ишмердик чөйрөсү – финансы[30]

Ибрагимов Рамиль Марсович – “Илим” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүсү (1994-1995-жылдары), жогорку билимди Кыргызстан Эл аралык университетинде алган. Учурда “Илимде” директордун административдик иштер боюнча орун басары кызматын аркалап, мектепте тарыхтан сабак берет[31].

Ибрагимов Шамиль Марсович (1980-жылы төрөлгөн) – “Илим” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүсү (1996-1997-жылдары), 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин “тышкы саясат”[32] багыты боюнча бүтүрүүчүсү, Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү (магистратура), Fullbright программасынын стипендиаты[33]. 2012-жылдан бери “Сорос-Кыргызстан” Фондунун[34] аткаруучу директору болуп иштеп келатат. (Фонд Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө олуттуу салым кошту. 2020-жылы пандемия менен күрөшкө Чукул жардам фондунун алкагында 1,8 миллион долларга жакын каражат жумшалган[35]).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]“Билим берүү мекемелеринин союзу” ассоциациясы. Билим берүү мекмеелеринин союзу //  http://sou.kg

[2]Количество претендентов на пост президента Киргизии сократилось. РИА Новости //  https://ria.ru/20050603/40467103.html

[3] Выдвижение кандидатов: финиш. Слово Кыргызстана // https://slovo.kg/?p=2326 августа 16, 2011

[4] Судился с Атамбаевым — интересные факты о новом секретаре Совбеза https://ru.sputnik.kg/20201015/interesnye-fakty-o-generale-dujshebaeve-1050078418.html

[5] Ибрагимова Гайша Жусупбековна. Кыргызстан “Илим” билим берүү комплекси // https://who.ca-news.org/people:1607

[6] https://ru.wikipedia.org/wiki/Дудинка

[7] Ногойбаева Э. Тагдырлар. – Бишкек, 2019-жыл. – 33-бет. – 162 бет.  https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/Судьбы-RU.pdf  

[8] https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/Судьбы-RU.pdf  

[9] Ногойбаева Э. Тагдырлар. – Бишкек, 2019-жыл. – 33-бет. – 162 бет.  https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/Судьбы-RU.pdf   

[10] Гайша Ибрагимова. Ушла сильная дочь, мать, лидер. Радио Азаттык // https://rus.azattyk.org/a/30143679.html

[11] Ногойбаева Э. Тагдырлар. – Бишкек, 2019-жыл. – 33-бет. – 162 бет.  https://esimde.org/wp-content/uploads/2020/06/Судьбы-RU.pdf  

[12] Гайша Ибрагимова. Ушла сильная дочь, мать, лидер. Радио Азаттык // https://rus.azattyk.org/a/30143679.html

[13] https://ru.wikipedia.org/wiki/Силикоз

[14] Гайша Ибрагимова. Ушла сильная дочь, мать, лидер. Радио Азаттык // https://rus.azattyk.org/a/30143679.html

[15] Кыргызстан. Ибрагимова Гайша Жусупбековна  // https://centrasia.org/person2.php?st=1594536584

[16] Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-декабрындагы №295 Буйругу // http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/14733?cl=ky-kg

[17] “Жаш мугалимдин депозити” программасы 2004-жылдын 21-сентябрында КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген // http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/55864

[18] http://sou.kg/о-нас/

[19] Комитеттер тууралуу маалымат //  http://www.kspp.kg/index.php?act=material&id=19

[20] В президентскую гонку в Киргизии включилась первая женщина // https://ria.ru/20050520/40387939.html?chat_room_id=40387939

[21] Кыргызская Республика. Президентские выборы 10 июля. Итоговый отчет Миссии БДИПЧ/ОБСЕ по наблюдению за выборами. Варшава, 2005. С.13 // https://www.osce.org/files/f/documents/2/7/17660.pdf

[22] На 14 августа в Центральную избирательную комиссию КР поступили заявления от 66 кандидатов на должность Президента КР, 54 – самовыдвиженцы // https://www.osce.org/files/f/documents/2/7/17660.pdf

[23] https://ilim.kg/index.php/ru/o-shkole/vypuskniki/17-o-shkole/vypuskniki/51-vypusk-1994-1995gg

[24] Почему оценки уже не имеют значения, и чему на самом деле должна учить школа, - выпускник Гарварда Шамиль Ибрагимов // https://limon.kg/ru/news:74454

[25] Ороспакова Ж. Ибрагимов: Жизнь в Гарварде – это постоянное движение и борьба с собой // https://rus.azattyk.org/a/28724127.html

[26] Ибрагимов Шамиль Марсович // https://knews.kg/2012/09/11/ibragimov-shamil-marsovich/

[27] Жылдык отчет - 2020. “Сорос-Кыргызстан” Фонду // https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/05/soros-годовой-отчет-дизайн-ru-final-02.pdf

[28] Мугалимдер. Администрация // https://ilim.kg/index.php/ru/o-shkole/uchitelya

[29] Мугалимдер. Администрация // https://ilim.kg/index.php/ru/o-shkole/uchitelya

[30] Мугалимдер. Администрация // https://ilim.kg/index.php/ru/o-shkole/uchitelya

[31] Кыргызский союз промышленников и предпринимателей - КСПП // https://www.facebook.com/1641384569462668/posts/1900618626872593/

[32] Борубек Кудаяров. Скончалась директор образовательного комплекса "Илим" Гайша Ибрагимова // https://kaktus.media/doc/416942_skonchalas_direktor_obrazovatelnogo_kompleksa_ilim_gaysha_ibragimova.html

[33] COVID-19 в КР: «Черный июль» повторяется?

https://rus.azattyk.org/a/covid-19-v-kr-chernyy-iyul-povtoryaetsya/31346069.html

[34] htts://ilim.kg/index.php/ru/o-shkole/vypuskniki/17-o-shkole/vypuskniki/50-vypusk-1993-1994gg

[35] Почему оценки уже не имеют значения, и чему на самом деле должна учить школа, - выпускник Гарварда Шамиль Ибрагимов // https://limon.kg/ru/news:74454

  1. Биография