Галактикалар ядросу

Википедия дан

Галактикалар ядросу – көптөгөн галактикалардын борборуна заттардын оор тыгыз массасынын топтолуусу.

Галактикалар ядросунун массасы Галактиканын жалпы массасынын бир нече %ин түзөт. Кээде ядронун ичинде жылдыз сымал кичине ядро кеңири көрүнөт. Галактикалар ядросу космос чаңы менен капталып турат. Өлчөмү менен массасы Галактикадан кичине болсо да, кээ бир Галактикалар ядросунда абдан чоң энергия бөлүп чыгаруучу активдүү процесс жүрүп турат. Галактикалар ядросунун негизги активдүүлүгүнө метрдик радиотолкундан рентген нурлануусуна чейинки диапазонду камтыган кубаттуу жылуулук чыгарбоочу нурлануу; нурлануу агымынын өзгөрмөлүүлүгү; газ булуттарынын тез жылышы; плазма агымынын жана топтомунун жарык ылдамдыгындай ылдамдык менен атылып чыгышы таандык.

Активдүү ядролук галактикаларга сейферт галактикалары (өтө жарык ядролуу), N – галактикалар, радиогалак-тикалар, о. эле квазарлар кирет. Галактикалар ядросунун бир нече жылдык мезгилдүү өзгөрмөлүү нурлануусу ядролорунун өлчөмдөрүнүн ~1017–1018 см, ал эми кээ бир Галактикалар ядросунун бир нече жумадан бир нече айга чейинки өзгөрмөлүү нурлануусу Галактикалар ядросундагы нурлантуучу аймактын өлчөмүнүн 1016–1017 см экендигин көрсөтөт.

Астрофизикада активдүү Галактикалар ядросунун бир катар теориялык моделдери каралат. Алар: 1) кыйла гравитациялык энер-гияны бөлүп чыгарган нейтрондуу жылдыздарга жана кара көңдөйлөргө айланма жылдыздарды жаратуучу оор тыгыз жылдыздар чогулмасы; 2) заряддалган бөлүкчөлөрдү салыштырмалуу ылдамдыкка чейин ылдамдатуучу күчтүү магнит талаалуу айланма магнит-плазма телосу; нурлануу энергиясы телонун айлануу кинетикалык энер-гиясынан алынат; 3) өтө зор массалуу кара көңдөй же эселүү кара көңдөйлөр системасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]