Галлдар

Википедия дан
Andricus kollariQuercus robur.

Галлдар - (лат. galla бүртүк), цецидиялар өсүмдүктүн түрдүү органында (тамыр, жалбырак жана башка) өзгөчө козгогучтар пайда кылуучу патологиялык дөмпөк өсүндү. Кене, курт-кумурска, нематода жана башка бөлүп чыгарган токсиндин таасиринен пайда болсо, мизоо цецидиялар, козугарындар пайда кылса, коцецидиялар деп аталат. Көбүнчө эмен, атыргүл жана татаал гүлдүү өсүмдүктөрдө кездешет. ГаллдарХимиялык курамында суу, азык зат, өңдөгүч заттардын көптүгү менен таза ткандан айырмаланат. Галлдар өсүмдүктүн азыктануусун бузат, өсүшүн начарлатат, кээде өсүмдүк солуп калат. Буудай нематодасы жалбырагын буралтып, сырткы көрүнүшү боюнча кадимки данга окшош галлдарды, ал эми кызылча нематодасы кызылча тамырында галлдарды пайда кылат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырындагы галлдар топуракты азот менен байытат, ошондой эле кээ бир галлдардын козгогучтары отоо чөптөргө каршы биологиялык каражат катары керектелгендиктен, айылчарбасында пайдасы да бар. Көпчүлүк галлдардын козгогучтары айылчарбасына жана токойчулукка чоң зыян келтирет, мисалы, картошка рагы, жүзүм филлоксерасы жана башка Алардын таралышына жол берүүгө болбойт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сорт эгүү; которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү; галлдарды жок кылуу (мисалы, жалбырактан, бутактан кесип салуу) жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]