Галле

Википедия дан

Галле (французча  galle) – Напсидеги өзүнүн өнөрканасында көп катмарлуу түстүү айнектен химиялык ойдуруу жана оймонун жардамы менен өзгөчө натыйжалуулукка жетишкен француз сүрөтчүсү Эмиль Галленин (1846–1904) атындагы жана ал ойлоп тапкан айнек иштетүү техникасы. Галленин автордук чыгармаларына мүнөздүү болуп модерн стилиндеги өсүмдүк орнаментациясы түшүрүлгөн «табигый стиль» эсептелет. Кээ бирде пейзаж, гүл, курт-кумурскаларды сүрөттөгөн учурда автор «сүйлөп туруучу айнектерди» түзгөн Виктор Гюго менен Шарль Бодлердин чыгармаларынан цитаталарды кошуп жазып калтырган. Айнекти оюп кесүү техникасы XIX–XX кылымдын чегинде массалык жана сериялык түрдө өндүрүштө колдонула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]