Галофиттер
Галофиттер - (гр. halo туз жанаphyton өсүмдүк) өтө шор топурактуу жерде (деңиз жээги жана башка) өсүүчү өсүмдүктөр.
Галофиттер үч топко бөлүнөт. Эвгалофиттердин же чыныгы галофиттердин көбүнчө жалбырагы калың, сабагы жоон келип, клеткасына туз көп топтолот. Аларга чөлдөгү кээ бир бадалчалар кирет. Киногалофиттер сабагы менен жалбырагындагы безченин жардамы менен организмде топтолгон шорду сыртка бөлүп чыгарат. Буларга боздоңдо жана кургак талаада өсүүчү кермектер, жылгындар, реомериялар жана башка кирет. Гликогалофиттердин тамыр системасы тузду өткөрбөйт, мисалы, шордуу боздоңдогу шыбактар. Дүйнө жүзүндө кеминде 2000-2500, борбордук Азияда 900дөй галофиттер кездешет. Эгилме өсүмдүктөрдүн шорго өтө чыдамдуу жана анча чыдамсыз түрлөрү бар. Туздар зат алмашууну жана протоплазманын абалын бузуп, клетка органеллаларынын структурасынын өзгөрүшүнө алып келет. Өсүмдүк туздан жабыркаганда айрым уу заттар пайда болот, мисалы, белок синтези бузулганда аммиак, диаминдер, сульфоксид топтолот.Адабият: Акжигитова Н. И. Галофитная растительность Средней Азии и её индикационные свойства. Т., 1982.К. Т. Шалпыков.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4