Гальваникалык элементтер

Википедия дан

Гальваникалык элементтер – системада өтүүчү хим. процесстер натыйжасында электрдик жумуш аткарылган система. Г. э. шарттуу түрдө металлдык же жарым өткөргүч электроддо жана электролит эритмесинен турган эки жарым элемент катары карайт. Сырткы чынжырга электрондорун берген электрод, терс электрод же элемент терс уюлу деп аталат. Сырткы чынжырдан электронду кабыл алган электрод – оң электрод же элемент оң уюлу деп аталат. Г. э. схема түрүндө көргөзүүдө эки металл, металл жана электролит эритмесинин ортосундагы чекти тикесинен сызылган үзгүлтүксүз сызык аркылуу, ал эми эки электролит эритмелери ортосундагы (суюктук бирикменин) чекти тикесинен үзгүлтүктүү сызылган сызык аркылуу белгилейт. Ток сырткы булагы менен компенсацияланган теңдештүү ажыратылган чынжыр эки учундагы потенциалдар айырмасы электр кыймылдаткыч күчү деп аталат (ЭКК). Е чоңдугу Нернст теңдемеси аркылуу табылат. Г. э. турактуу токтун булагы катары (Даниэль-Якоби, Леклани элементтери,

Экк =

аккумуляторлор) көпчүлүк физ., хим. изилдөөлөрдө колдонулат (ЭКК методу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]