Гальвани Луижи

Википедия дан

Гальвани Луижи - (9.9.1737, Болонья 4.12.1798, ошол эле жер) италиялык анатом жана физиолог, электр жана электр-физиология жөнүндөгү окууларды негиздөөчү. Болонья университетинде билим алып, ошол эле жерде медицинадан сабак берген. Биринчи эмгеги салыштырма анатомияга арналган. 1771-ж. формалинделген баканын булчуңунун электр тогунун таасиринен жыйрылууга жөндөмдүүлүгүн изилдеген. Ошондой эле металлды нервге же жүлүнгө таасир этүүдөн да булчуңдун жыйрылышын жана булчуңга эки түрдүү металлды бир мезгилде тийгизгенде да жыйрылгандыгын байкаган. Бул тажрыйбалар токтун жаңы булагын галъвани элементин ойлоп табууга түрткү берген. Гальванинин изилдөөлөрү медициналык практикада жанафизиологиялыкэксперимент методдорун иштеп чыгууда мааниси чоң болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]