Гальваномагниттик кубулуштар

Википедия дан

Гальваномагниттик кубулуштар - магнит талаасынын ток өтүүчү катуу өткөргүчкө тийгизген таасирине байланышкан кубулуштар. Ага Холл эффектисижана магнит-резисттүү эффект кирет. Өткөргүчтүн каршылыгынын магнит талаасындагы өзгөрүшү магнит-резисттүү эффект делет. Магнит талаасы токко жарыш болсо, бул эффект кичине болот. Ферромагнетиктер тышкы талаа жокто деле өзүнөн өзү магниттелүүчү гальваномагниттик кубулуштарга ээ. Анын себеби магнит талаасында заряддарды алып жүрүүчү электрондор менен көңдөйчөлөрдүн траекторияларынын өзгөрүшү (к. Лоренц күчү). Түрдүү өткөргүчтө заряд алып жүрүүчүлөрдүн траекториялары көп түрдүү болгондуктан, гальваномагниттик кубулуштар да көп түрдүү болот. Төмөнкү температурада магнит талаасынын өзгөрүшү менен Холл туруктуулугу жана каршылыктын кванттык осцилляциясы байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]