Васко да Гама

Википедия дан
Гама да Васко‎»‎ барагынан багытталды)
Васко да Гама.

Васко да Гама (1469, Португалия, Синиш 24.12.1524, Индия, Кочин) португалиялык деңиз саякатчысы. Алгачкылардан болуп Европадан Индияга деңиз жолун (1497-99) ачкан. Гама жетектеген экспедиция Африка континентин айланып өтүп, Сомалинин жээгине жеткен. Ал жерден бортко мүчө болуп алынган араб лоцманы кемени Индиядагы Каликут ш-на алып келген. Жолдо ар кандай себептерден каза болуп отуруп, экспедицияга катышкан 168 кишинин 55и гана Лиссабонго кайткан. Гама алгачкылардан борбордук Атлантиканы меридиан багытында кесип өтүп, эч кандай кургактык жок экенин аныктаган. 1502-03 жана 1524-ж. эки жолу Индияга саякат жасаган. 1524-ж. Индиянын 5-вице-королу болуп дайындалган.Адабият: Кунин К. Васко да Гама, 2 изд. М., 1947; Шуливскии Т. А. Три неизвестные лоции Ахмада ибн Маджида, арабского лоцмана Васко да Гамы. М.; Л., 1957.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]