Гаметогенез

Википедия дан

Гаметогенез - (гамета...жана...генез) жыныс клеткаларынын (гаметалардын) өрчүү жана калыптануу процесси. Аталык гаметалар (сперматозоиддер) спермогенез, энелик гаметалар (жумуртка клеткалар) оогенез деп аталат. Көп клеткалуу жаныбарларда гаметогенез жыныс бездеринде же гонадаларда (энелик клеткада, урукта, кыстеке жыныс бездеринде) үч этап менен жүрөт:

  1. алгачкы жыныс клеткалардын гаметагонийлердин (сперматогоний жана оогонийлер) мейоз жолу менен көбөйүшү;
  2. ал клеткалардын өсүп жетилиши (гаметоцитте);
  3. сперматозоиддердин жана энелик клеткалардын калыптануусу.

Өсүмдүктө гаметогенез спораларда башталат. Споралардан өрчүгөн гаплоиддүү гаметофиттердин гаметангийлеринде (аталыгы антеридийлерде, энелиги археганийде) митоз жолу менен гаметогенез жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]